• 16- февраль күнү новатор мугалим Гапыр Мадаминовдун АЭМ китебинин негизинде , мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Нурзада Шамаева эжеке " Китеп окууну практикада колдонуу" деген темада мугалимдерге семинар сабак

          •   Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектебинде 16- февраль күнү новатор мугалим Гапыр Мадаминовдун АЭМ китебинин негизинде, мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Нурзада Шамаева эжеке  "Китеп окууну практикада колдонуу" деген темада мугалимдерге семинар сабак өттү . Максаты: окуучуларды китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу менен сөз байлыгын, ой жүгүртүүсүн, кабыл алуусун өнүктүрүү жана китеп окууну күнүмдүк практикада колдоно билүүгө көнүктүрүү .

              Семинар жагымдуу маанай менен башталып, мугалимдерди төрт топко бөлүп, даяр "Көз көйгөйү " деген текст берилип, ошо менен иштетти. Алгач текстти канча убакта окуп чыгуу, анан тексттен себеп- натыйжаны, идеяны, жыйынтыктоону табуу тапшырмасы берилди. Ар бир топ активдүү катышышты. Аягында кайтарым байланыш жүргүзүлдү. Нурзада Шамаеванын ишине ийгилик каалайбыз.

          • 2021-окуу жылынын 8-февралынан 13-февралына чейин "Англис тили-эл аралык баарлашуунун тили" аттуу жумалык өткөрүлдү

          •    Сүлүктү шаарындагы М.Т. Ибрагимов атындагы №3 орто мектебинде Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги жарыялаган N73/1 буйругунун негизинде 2021-окуу жылынын 8-февралынан 13-февралына чейин "Англис тили-эл аралык баарлашуунун тили" аттуу жумалык өткөрүлдү. Жумалыктын максаты:Окуучулардын англис тилине болгон кызыгуусун жана билим сапатын жогорулатуу.

                Жумалыкта 10-11класстар арасында "English time" интеллектуалдык конкурсу болуп, анын максаты окуучулардын ойлоо жана сүйлөө көндүмдөрүн өркүндөтүү.

            10 -класстын "Сlever girls" командасы женүүчү деп табылып грамота менен сыйланды.

          • 15- февраль Афган жоокер- интернационалисттердин 32 жылдыгына карата шаардык мектептер арасында өткөрүлгөн спорттук КУУНАК СТАРТ оюну

          •      Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектептин 9-10-11- класстын окуучулары 15- февраль Афган жоокер- интернационалисттердин 32 жылдыгына карата шаардык мектептер арасында өткөрүлгөн спорттук КУУНАК СТАРТ оюнунда 1- орунга жетишип , l даражадагы ДИПЛОМго ээ болушту. Дене тарбия мугалими Миталип у Азамат агайга жана оюнга катышкан окуучуларга ийгилик каалоо менен ыраазычылык билдиребиз.

                Афган жоокерлеринин күжүрмөн эмгегине таазим! Патриот, тайманбас, колуна курал алып, өз милдетин аткарган эр жүрөк агаларыбызга даңк ! Сиздерге бекем ден соолук каалап, майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

          • 12-февраль күнү "Китепти көп окуп, терең билим алууга үндөө" максатында "Акыл ордо-интеллектуалдык оюну"

          •      Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектепте география жумалыгында

            География мугалими: Гүлмира Кошматова тарабынан 12-февраль күнү "Китепти көп окуп , терең билим алууга үндөө" максатында "Акыл ордо-интеллектуалдык оюну болуп өттү. 9-10-11-класстардан 2ден окуучулар катышып, география сабагы боюнча өз билимдерин сынашты. Бир эле география предмети менен чектелип калбастан, окуучуларга логикалык суроолор да берилди.

            1-тур. Тесттик суроолор

            2-тур. Категориялар

            3-тур. Логикалык суроолор.

            Жыйынтыгында.

            1-орун 11-класстын окуучусу Каныбеков Орозбай

            2-орун 9-класстын окуучусу Айтматова Айзат.

            Ушул окуучулар ийгиликке жетип, мектептин Ардак громаталары менен сыйланды.

          • "Түндүк Американын Физикалык-географиялык абалы"

          • Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы №3-орто мектебинде 8-13-февралга чейин география жумалыгы болуп өттү. География жумалыгында иш чара түзүлүп, окуучуларга 10-февраль күнү "Түндүк Американын Физикалык-географиялык абалы" деген темада ачык сабак өтүлдү. Сабакта окуучулар топко бөлүнүп, кызматташып иштешти.

          • "Коомдук жайларда өзүн алып жүрүүнүн этикасы"

          •     Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектепте 10 - февраль күнү "Коомдук жайларда өзүн алып жүрүүнүн этикасы" деген темада 5-11- класстарга балдар кеңеши өткөрүлдү . Максатыбыз, окуучулар "коом", "этика "деген сөздөрдүн маанисин түшүнүп, коомдук жайларда өздөрүн алып жүрүүнүн эжерелерин билишип, жашоосунда колдоно билүүгө тарбиялоо .

            Окуучулар беш топко бөлүнүшүп, берилген тапшырмаларды аткарышты.

            1- топ: Жолдо, көчөдө өзүн алып жүрүүнүн этикасы?

            2- топ: Ашканада өзүн алып жүрүүнүн эрежеси?

            3- топ: Мектепте өзүн алып жүрүү этикасы?

            4- топ: Коомдук транспортто өзүн алып жүрүү маданияты?

            5- топ: Дүкөндө өзүн алып жүрүү эрежеси?

            Топтор ушул суроолорго жооп издөө менен өздөрүнүн кемчилигин моюндашып, айтылган эрежелер боюнча жүрүм - турумун өзгөртүү боюнча айтып өтүштү .

             Ал эми экинчи маселебиз "Зордук зомбулуктун жана кылмыштуулуктун алдын алуу" боюнча ШИИБ жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторунун лейтенанты Алибаев Муратбек Абдикаимович келип, өз билдирүүсүн жасап, окуучуларга жакшы каалоо -тилектерин билдирип кетти. Балдар, тарбияны , жакшы ишти ар бирибиз өзүбүздөн баштообуз керек. Келечек силердин колуңардан!

          • Акыл эмгегинин маданияты китебинен "Китеп окуунун жолдору жана эрежелери"

          • Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы №3-орто мектебинде 9-февраль күнү мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери: Хожибаева Шапаткан жана Асаева Айсулуу эжекелер тарабынан Акыл эмгегинин маданияты китебинен "Китеп окуунун жолдору жана эрежелери" деген темада семинар өткөрүлдү.

            Семинардын максаты: Китеп окуунун жолдорун, эрежелерин үйрөнүү менен китеп окууга болгон кызыгууну арттырып, көптөгөн кызыктуу маалыматтарга ээ болуу.

            Семинарда мугалимдер түстүү гүлдөрдү тандоо аркылуу топторго бөлүнүп, ар бир топтун катышуучулары берилген теманы коргоп беришти. Топторго бөлүнгөн темалар төмөнкүдөй болду:

            1) Убакытты китеп окуу менен өткөрүү пайдалуубу?

            2) Китепти туура окууда эмнеге маани берүү зарыл?

            3) Китеп тексттин стили боюнча окуп, түшүнүү

            4) Окуп укканда негизисин бөлүп алуу

            5) Окуп, угуп, көргөндө түшүнүү, эстеп калуу.

            Уюштурулган семинар өзгөчө жемиштүү болгондугун кайтарым байланыш учурунда мугалимдер айтып өтүү менен Шапаткан жана Айсулуу эжекелерге ыраазычылыктарын билдиришти.

          • Райондук жана шаардык "Манас таануу" интеллектуалдук таймашы

          • 5-февраль күнү Сүлүктү шаарындагы "Манас таануу" интелектуалдык таймашына М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектептин "Мурас" тобу катышып келди.  Райондук жана шаардык "Манас таануу" интелектуалдык таймашынын шаардык туруна М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектептин "Мурас" тобу катышып келди. Таймаш 5-бөлүктөн турган жобонун негизинде өткөрүлдү.  Анда 8-класстын алдынкы окуучусу Рахматиллаева Мээрим 

          • 3- февраль "Дүйнөлүк үн чыгарып окуу күнүнө" карата

          •     Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектепте 3- февраль "Дүйнөлүк үн чыгарып окуу күнүнө" карата, окуучулардын китеп окуу, аны түшүнүү, анализдөө, өз оюн эркин айтуу, сөз байлыгын өстүрүү максатында 9-10-11- класстын окуучулары арасында "Мыкты окурман" сынагы атайын жобонун негизинде өткөрүлдү .

                     Жободо: 1. Китепти окуп түшүнүү

                                     2. Окуган тексттин долбоорлоо

                                     3.Тест менен иштөө

                                     4. Сөздөн сөз түзүү

            Ушул жобо боюнча 23 окуучу катышып, өз билимдерин сынашып, башка окуучуларга үлгү боло алды. Мектеп администрациясы катышып, калыстык милдетти аткаруу менен окуучулардын иштерин баалап, жыйынтык чыгарып беришти. 1- орунду 10- класстын окуучусу Абдухамитова Элиза 37 упай, 2- орунду 9- класстын окуучусу Ырысбекова Айчүрөк 32 упай, 3- орунду 10- класстын окуучусу Гаппарова Элнура 30 упай менен ээлешип, грамота менен сыйланышты. Окуучулардын окуусуна ийгилик каалайбыз. "Жакшы китепти окуган соң, адам өзүн кубаттуу, акылдуу, адептүү сезет" Я. Судрабкалн.

          • "Акыл эмгегинин маданияты китебинин- мектеп турмушундагы орду"

          •   Сүлүктү шаарындагыМ.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектепте 2-февраль күнү мектептин устат мугалими: Турдыева Мавлюда жана окуу бөлүмүнүн башчысы: Нурматова Рахима тарабынан мугалимдерге "Акыл эмгегинин маданияты китебинин- мектеп турмушундагы орду" деген темада сабак-семинар өтүлдү.

            Сабактын максаты: Мугалимдер "Акыл эмгегинин маданияты" китебинин баалуулугун талдап, таанышат.

            Сабак-семинарда мугалимдер: Темага жетелөөчү суроолор.

            Акыл эмгегинин маданияты китеби мугалимдерге эмне үчүн керек?

            Мугалимдер Акыл эмгегинин маданияты китебинен эмнелерди билишет жана сабакта кантип колдоно алышат?

            Акыл эмгегинин маданиятын өздөштүрүүдөгү себеп-натыйжа.

            Эмне үчүн келечек - акыл эмгегинин заманы деп айтылат?

            Акыл эмгегинин маданиятынын - ар бир адамды калыптандыруудагы орду деген суроолордун тегерегинде талкуу жүргүзүү менен көптөгөн маалыматтарга ээ болушту. Мугалимдер сабакта окуучуларга теманы жеткирүүдө "Акыл эмгегинин маданияты" китебинин мааниси чоң экендигине ынануу менен сабак-семинар өткөн устат мугалим жана окуу бөлүмүнүн башчысына ыраазычылыктарын билдиришти.

          • "Өздүк коргонуу каражаттары, противогаздын түзүлүшү жана аны алып жүрүү " деген темада практикалык сабак

          •    Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектептин аскерге чейинки даярдык предметинин мугалими Досов Бекмырза Кадырович 10-11- класстын окуучуларына 2- февраль күнү "Өздүк коргонуу каражаттары, противогаздын түзүлүшү жана аны алып жүрүү " деген темада практикалык сабак өттү . Сабактын максаты: окуучуларды кооптуу учурда өзүн коргоого, противогазды туура колдоно билүүгө үйрөтүү . Окуучулар сабакка кызыгуу менен катышышты. Сүлүктү ШИИБнин инспектору милициянын лейтенанты Алибаев Муратбек Абдикаимович да сабакка конок катары катышып, өзүнүн сонун сөздөрун айтуу менен окуучулардын окуусуна ийгилик каалап кетти.

             

          • "Китеп окуунун жолдору жана эрежелери"

          •     Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектебинде 9-10-11-класстын окуучуларына мектептин уюштуруучусу, кыргыз тили жана адабияты мугалими Шапаткан Хожибаева "Китеп окуунун жолдору жана эрежелери" деген темада семинар сабак өттү. Семинар, окуучулардын дүйнө таанымын өстүрүү, руханий дүйнөсүн байытуу үчүн китеп окууга кызыктыруу максатында уюштурулду.                                 Окуучулар активдүү катышып китеп окуунун жолдорун, эрежелерин өздөрүнө маалымат жаңы катары кабыл алышты. "Эгер китепти кунт коюп окуп, андан даанышмандыкты издесен,  анда өзүңдүн жан дүйнөңө зор пайда келтиресиң"  Нестор .  Ошондуктан баарыбыз китеп окуп көптөгөн ийгиликтерге жетишели

          • "КЫЛМЫШТУУЛУКТУН, УКУК БУЗУУЧУЛУКТУН, ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ" боюнча

          • Сүлүктү шаарындагы Мухамед Тургунович Ибрагимов атындагы 3-орто мектебинин УЮШТУРУУЧУСУ:Шапаат Хожибаева жана ЖАШ ӨСПҮРҮМДӨР МЕНЕН ИШТӨӨ ИНСПЕКТОРУ: Алибаев Муратбек Абдикаюмович менен биргеликте 7-8-9-класстарга "КЫЛМЫШТУУЛУКТУН, УКУК БУЗУУЧУЛУКТУН, ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ" боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп кетти.

          • Тогуз коргоол оюну

          • Сүлүктү шаарындагы Мухамед Тургунович Ибрагимов атындагы 3-орто мектебинин тогуз коргоол оюну боюнча кыздар командасы, мектеп окуучулар арасында, шаардык масштабда өтүлгөн спорттун ТОГУЗ КОРГООЛ түрү боюнча 1-ОРУНДУ ээлешти.

            Дене тарбия мугалимдери: Азамат Миталип уулуга, Бакыт Абдуллаевге АЛКЫШ жарыялайбыз жана ИЙГИЛИК каалайбыз.

          • "Ч.Айтматовду жакшы билебиз" деген онлайн сынак

          •     М.Т.Ибрагимов атындагы №3 мектебиндеги мугалимдердин китеп окуусун колго алуу максатында окуу бөлүмүнүн башчысы Нурматова Рахила тарабынан "Ч.Айтматовду жакшы билебиз" деген онлайн сынак өткөрүлдү. Сынактын жеңүүчүлөрү белгиленди. Келерки жумага "Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы" деген китепти окуп келүү тапшырмасы берилди.

          • "Окуу керемети" долбоору

          • М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектебинде окуучулардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу максатында 4-класстын "Окуу кермет" долбоорунун "Көпөлөк" деген китептин негизинде китеп окуу сынагы өткөрүлдү. Окуучулар 4 топко бөлүнүп, 4 жобо менен өткөрүлдү. 

            1. Китепти презентациялоо.
            2. Суроолорго жооп берүү.
            3. Чыгарманын айланпасын толтуруу.
            4. АЖППОК түзүү, красворд түзүү, сүрөт тартуу.                                                                                   Жыйынтыгында жеңүүчүлөр белгиленип, ар бир топко белектер берилди.                                                                                           
          • 2020-2021-окуу жылы

          • Сүлүктү шаарындагы Мухамед Тургунович Ибрагимов атындагы 3 орто мектебинде 1-класстар санитардык эрежелерди сактоо менен мектепте, ал эми 2-11-класстар дистанттык түрдө окутулууда