• "Түркүн баштыктар" аттуу көркөм кол өнөрчүлүк боюнча өткөрүлгөн мектептер аралык сынак

          •       Сулукту шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектептин окуучу кыздары шаардык денгээлде "Түркүн баштыктар" аттуу көркөм кол өнөрчүлүк боюнча өткөрүлгөн мектептер аралык сынакка катышып, "Эн мыкты сувенирдик баштык" номинациясы боюнча 1-2-3-орундарга, "Эн жакшы ретро баштык" үчүн 2-3-орун, "Эн жакшы композициялык баштык" үчүн 2-3- орундарга ээ болушту. Орун алган чебер кол кыздарыбыздын жасаган баштыктары Республикалык туруна жолдомо алышты. Кыздарга ийгилик каалайбыз.

          • "Түркүн баштыктар" аттуу көркөм кол өнөрчүлүк боюнча сынак

          •    Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектебинде 2021-жылдын 1- апрель күнү класстар арасында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана "Балажан" Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу - усулдук борборунун 35 жылдыгына арналган "Түркүн баштыктар" аттуу көркөм кол өнөрчүлүк боюнча сынак өткөрүлдү.

            Сынактын максаты: кыргыздын көп кылымдык тарыхын, турмуш тиричилигин,салт санаасын,маданиятын, элдик көркөм чыгармачылыгын өздөштүрүү , сактоо жана өнүктүрүү , балдардын өз элинин көп улуттук маданиятын сыйлоого тарбиялоо .

            Сынак өтө жакшы даярдык менен өткөрүлдү. 4-10- класстын окуучулары өз колдору менен жасап келишкен баштыктарын көрсөтүшүп , кантип эмнеден жасагандарын айтып көрүүчүлөргө,калыстар тобуна маалымат беришти. Мектеп администрациясы калыстык милдетти аткарышып, көргөзмөгө коюлган 45 баштыктан тандап , сапаттуусун шаардык турга өткөрүштү . Мектептин технология мугалими Заңгирова Айнура эжекеге жана класс жетекчилерге , сынакка катышкан ар бир окуучуга ыраазычылык билдиребиз. "Адамды акылга бай кылган- эмгек, төрт түлүктү шай кылган эмгек" - дегендей эмгектенген адам бир нерсени жарата алат.

          • "Ден соолук-2021" спорт жумалыгына карата Сүлүктү шаарынын билим берүү кызматкерлеринин арасындагы спартакиада

          •     Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектептин мугалимдер жамааты Нооруз майрамы жана ден соолук күнүнө арналган "Ден соолук-2021" спорт жумалыгына карата Сүлүктү шаарынын билим берүү кызматкерлеринин арасындагы спартакиадага катышып, спорттун волейбол түрү боюнча агайлар командасы 1- орунду ээлеп, l даражадагы ДИПЛОМго ээ болушту.Ал эми спорттун тогуз коргоол түрү боюнча 2- орунга, стол тенниси боюнча 3- орунга, шахматтан 3- орунга жетишип, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Мыкты оюн көрсөткөндүгү үчүн Абдиллаев Бакыт Кенжебекович жана Заңгирова Айнура Абдурасуловналар диплом жана акчалай сыйлыкка ээ болушту. Мектеп жамаатынын ийгилиги кут болсун демекчибиз. Спорт- ден соолуктун булагы.