• Мырза жигит-2022.

          • М.Т.Ибрагимов атындагы √3 орто мектептин 11- классынын окуучусу Талипов Айбек шаардык деңгээлде жаштар арасында уюштурулган Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата өткөрүлгөн " Мырза жигит 2022" конкурсуна мектептин намысын коргоп, катышып келди. Жобонун негизиндеги алты тапшырманы аткарып, активдүү катышуучу деген наминацияганын ээси болду. Грамота жана акчалай сыйлык менен сыйланды. Айбек Талиповдун окуусуна ийгилик каалайбыз! Бүгүнкү ийгилигин чек болбосун. " Мекенди коргоо ар бир мырзанын ыйык милдети" дегендей мекенди керегине жараган инсан болгун. Келечегин кең болсун!

          • Стол үстүндөгү теннис.

          • Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы √3 орто мектебинин окуучулары шаардык деңгээлде уюштурулган "Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын" алкагында жаштар арасында өткөрүлгөн спартакиадада стол үстүндөгү теннис оюнунда кыздар командасы 1- орунга жетишип, грамотага ээ болсо, 11- класстын окуучусу Назаркулов Нургазы "эң мыкты "оюнчу деп табылып, грамотага ээ болуп келишти. Даярдаган, сабак берген мугалимдери Миталип у Азамат жана Абдиллаев Бакытбек агайларга ыраазычылык билдирүү менен түйшүктүү ишине ийгилик каалайбыз. Ийгиликке жетишкен кыздарыбыз: Абдусаматова Бегайым, Икрамова Айжан, Канымкулова Эльмираларды куттуктайбыз! Окууларына ийгилик, дайым мектептин намысын коргоп , жеңишке жетүүсүнө тилектешпиз.

          • Шахмат ийрими.

          • Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы √3 орто мектебинде шахмат ийриминин жетекчиси Рахманов Пайзилла агай 14- январь күнү ийримге активдүү катышкан, ийгиликке жеткен окуучуларга ШБББнун адиси Мажитова Фарида Тажибаевнанын катышуусунда кичи жыйын өткөрүп , окуучуларга Грамота жана адабий китептерди тапшырды. Ошондой эле облустук турга катышуучу 10 оюнчуга жолдомо берилди. Пайзилла Рахманов агайдын ишине ийгилик, ушундай мекенчил, эмгекти сүйгөн окуучуларга билим - тарбия берип жүрө берин.

          • "Эне тилсиз эл болбойт".

          • Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы √3 орто мектебинде 21- февраль Дүйнөлүк эне тил күнүнө карата "Эне тилсиз эл болбойт" деген темада 5-11- класстарга , өз эне тилин билүү, аны көздүн карегиндей сактоо, дүйнөдө канча тил бар экени боюнча маалымат алуу, эне тилибизди даңазалоо максатында линейка өткөрүлдү . Линейка кыргыз тилинин гимни менен башталып, окуучуларга мугалимдер кыргыз, орус , англис тилдеринин тарыхы боюнча маалымат берсе, окуучулар үч тилде көркөм окуу, доклад, учкул сөздөрдү , ыр- бийлерди аткарышты. "Улутту улут кылып турган анын тили" дегендей ар бир инсан өз эне тилин так билип, урматтап, даңктап туруусу зарыл. Баарыңыздарды Эне тил күнү майрамы менен куттуктайбыз !

          • Ачык сабак.

          • 21- февраль күнү башталгыч класс мугалими Рахманкулова Перизат "Узундукту өлчөө .Метр " деген темада математикадан ачык сабак өттү.Сабактын максаты:Окуучулар узундук бирдиги болгон метр боюнча түшүнүк алып ,ага карата мисал,маселе иштешет.Мугалим математикадан стратегияларды колдонуп ,кызыктуу сабак өттү.Окуучулар өз алдынча,топто активдуу иштешти.

          • Ачык сабак.

          • 21- февраль куну башталгыч класс мугалими Жолдошева Гулсара математика сабагынан ачык сабак отту.Сабактын максаты : 2жана 3 орундуу сандарды бир орундуу санга кобойтууну ,ага карата мисал,маселелерди чыгарышат.Билимдерин бышыктап ,математикалык тилде суйлошот . Эжекенин сабагы жакшы денгээлде отулду.Окуучулар активдуу катышты.