Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектепте 10 - февраль күнү "Коомдук жайларда өзүн алып жүрүүнүн этикасы" деген темада 5-11- класстарга балдар кеңеши өткөрүлдү . Максатыбыз, окуучулар "коом", "этика "деген сөздөрдүн маанисин түшүнүп, коомдук жайларда өздөрүн алып жүрүүнүн эжерелерин билишип, жашоосунда колдоно билүүгө тарбиялоо .
Окуучулар беш топко бөлүнүшүп, берилген тапшырмаларды аткарышты.
1- топ: Жолдо, көчөдө өзүн алып жүрүүнүн этикасы?
2- топ: Ашканада өзүн алып жүрүүнүн эрежеси?
3- топ: Мектепте өзүн алып жүрүү этикасы?
4- топ: Коомдук транспортто өзүн алып жүрүү маданияты?
5- топ: Дүкөндө өзүн алып жүрүү эрежеси?
Топтор ушул суроолорго жооп издөө менен өздөрүнүн кемчилигин моюндашып, айтылган эрежелер боюнча жүрүм - турумун өзгөртүү боюнча айтып өтүштү .
Ал эми экинчи маселебиз "Зордук зомбулуктун жана кылмыштуулуктун алдын алуу" боюнча ШИИБ жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторунун лейтенанты Алибаев Муратбек Абдикаимович келип, өз билдирүүсүн жасап, окуучуларга жакшы каалоо -тилектерин билдирип кетти. Балдар, тарбияны , жакшы ишти ар бирибиз өзүбүздөн баштообуз керек. Келечек силердин колуңардан!