• 5а-классынын класс жетекчиси Нурматова Рахиля Исмаиловна тарабынан бүгүн 5-март күнү апалар чакырылып "Апам менин бейишим" деген темада концерттик кечени окуучулары менен биргеликте тартуулашты

          •    Сүлүктү шаарындагы Билим берүү бөлүмүнө караштуу Мухамед Тургунович Ибрагимов атындагы №3 орто мектебинин 5а-классынын класс жетекчиси Нурматова Рахиля Исмаиловна тарабынан бүгүн 5-март күнү апалар чакырылып "Апам менин бейишим" деген темада концерттик кечени окуучулары менен биргеликте тартуулашты.

            Концерттик кеченин максаты: Апаларды даңктоо, даңазалоо, балдар менен эненин ортосундагы мээримин жандандыруу.

            Окуучулар апаларын куттукташып, балдар өздөрүнүн таланттарын көрсөтө алышты. Ошону менен бирге ырларды ырдашып, бийлерди бийлешти жана апалары менен биргеликте кызыктуу оюндарды ойношту.

            Концерттик кечеге мектеп уюштуруучусу Хожибаева Шапаткан Икматкуловна катышып, кечеге эң жогорку деңгээлде өтүлдү деп баа беришти. Кеченин акырында апалары мугалимине чоң ыраазычылыгын билдирип, дайыма мектеп менен байланышып, келип туруулары жөнүндө сөз беришти.

          • 8-9-10-класстар арасында Ааламдын ажары болгон аялзатынын жаз майрамы менен куттуктап, "Аялзат- аалам ажары" деген темада кыздар арасында конкурс уюштурулду.

          •      Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы  №3 орто мектебинде 4- март күнү 8-9-10-класстар арасында Ааламдын ажары болгон аялзатынын жаз майрамы менен куттуктап, "Аялзат- аалам ажары" деген темада кыздар арасында конкурс уюштурулду.

            Максаты: эненин түйшүгүн, эмгегин, ак ниеттүүлүгүн баалоо менен урмат- сый көрсөтө билүүгө балдарды тарбиялоо. Конкурстун жобосу: 1. Саламдашуу, газета жактоо.

            2. "Аял" деген сөздү долбоорлоо.

            3. Обондуу ыр ( апа жонундо )

            4. Баш бармакка камыр жайуу, кесүү.

            5. " Мен келечекте кандай апа болом?" көрүнүш

            6.Салат жасоо.

            7. Апалардын ак батасы ( бата айтуу)

              Ушул жоболорду "Байчечекей", "Аруузат","Айгул гүлү ", "Жоогазын" командалары жогорку деңгээлде аткарышып, апалардын аз да болсо жасаган түйшүктөрүн көрсөтүү менен апаларга болгон мээримин билдире алышты деген ойдобуз. Калыстар тобунун жыйынтыгы менен "Жоогазын " командасы 1- орунду ээлеп, грамота менен сыйланды.

            Ушундай кыздарды тарбиялап өстүрүп жаткан ата- энелерге, класс жетекчилерге, мектеп жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз.

              Ардактуу апалар, эжелер, сиңдилер, сиздер үйдүн куту гана болбостон коомубуздун бардык тармактарында үзүрлүү эмгектенип, элибиздин бакубат жашоосу үчүн эбегейсиз зор салымыңыздарды кошуп келесиздер. Сиздерге бекем ден соолук , берекелүү өмүр каалайбыз. Майрамыңыздар кут болсун ,Асылзат айымдар!

          • 8- март Аялдардын Эл аралык майрамына карата 5-6-7- класстар арасында "Шыктуу жана шайыр кыздар" аттуу 7 жобонун негизинде конкурс өткөрүлдү.

          •     Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектебинде 3- март күнү 8- март Аялдардын Эл аралык майрамына карата 5-6-7- класстар арасында "Шыктуу жана шайыр кыздар" аттуу 7 жобонун негизинде конкурс өткөрүлдү. Конкурстун максаты жашоонун маңызы болгон энелердин жашоодогу ордун баалай билүүгө, сыйлап, урматтап, кадырлап сүйүүгө тарбиялоо менен кыздарыбыз өз таланттарын эл алдында көрсөтө билүүгө үйрөтүү .

                Командалар жобо боюнча өтө жакшы даярдык менен келишип, калыстар тобу баалап жыйынтыгында 5а- класстын "Аруузат" командасы 1- орунга ээ болду. Ар бир катышкан окуучулардын класс жетекчилерине ыраазычылык билдирүү менен майрамдык маанай каалайбыз.

            Урматтуу ,аксаамай апалар!

            Ай чырайлуу эже- синдилер

            Жаз менен кошо кирип келген,

            Ажайып аялзатынын

            Майрамы менен куттуктайбыз!

          • "Мен Кыргызстандык экендигиме сыймыктанам" аттуу конкурстун шаардык туру

          •    Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектептин таланттуу окуучулары "Мен Кыргызстандык экендигиме сыймыктанам" аттуу конкурстун шаардык турунда атайын Балдар чыгармачылык борборунун жетекчилиги тарабынан уюштурулган комиссия курамы 25- февраль күнү мектепке келишип, окуучулардын ыр, бий, элдик аспаптарда ойноо чеберчилигине күбө болушуп, өз каалоолорун билдиришип, окуучулардын окууларына ийгилик каалап, өзгөчө таланттарын баалап кетишти. Комиссия курамынын төрайымы Сапаргүл Казакбаева баштаган жамааттын ишине ийгилик каалайбыз.

          • 27-28-февраль күнү Кызыл кыяда болгон, Баткен областынын окуучуларынын арасында грек-рим күрөшү боюнча өтүлүүчү мелдеш

          •   Сүлүктү шаарындагы Мухамед Тургунович Ибрагимов атындагы №3 орто мектептин окуучулары 27-28-февраль күнү Кызыл кыяда болгон, Баткен областынын окуучуларынын арасында грек-рим күрөшү боюнча өтүлүүчү мелдешке катышып келишти.

            Мелдештин максаты: Грек-рим күрөшүнүн жаш өспүрүмдөр арасында өнүктүрүү, окуучулардын ден соолугун чыңдоо жана чеберчилигин өнүктүрүү.

            Мелдештин жыйынтыгында 9-классынын окуучулары Хамдамов Ырысбек 1-орунду, Мадалиев Азамат 3-орунду, ал эми 5-а классынын окуучусу Ниматов Эрнис 3-орунду ээлеп, шаарыбыздын намысын коргоп келишти. Бул балдардын окууларына ийгилик, мындан ары дагы мектебибиздин атын эле эмес, мамлекетибиздин атын дагы башка чет өлкөлөргө чыгарып, желегибизди желбиретүүнү каалап кетебиз.

          • "2021-жыл Региондорду өнүктүрүү жана балдарды колдоо" жылына карата

          •   Сүлүктү шаарындагы Мухамед Тургунович Ибрагимов атындагы №3 орто мектептин окуучулары "2021-жыл Региондорду өнүктүрүү жана балдарды колдоо" жылына карата окуучулар арасында, шаардык масштабда өткөрүлгөн СТОЛ ҮСТҮНДӨ ТЕННИС оюну боюнча "Эң мыкты оюнчу" деп 10-класстын окуучусу Назаркулов Нургазы. КЫЗДАР командасы 2-орунду, БАЛДАР командасы 3-орунду ээлешти.

            Дене тарбия мугалими: Азамат Миталип уулуга ишине ийгилик каалайбыз жана ыраазычылык билдиребиз.