• Окурман театр.

          • Сүлүктү шаарындагы М.Т. Ибрагимов атындагы 3-орто мектепте 15-декабрь күнү башталгыч класстын мугалимдери жана китепканачы тарабынан "12- декабрь адабият күнүнө" карата "Окуу керемет" долбоорунун алкагында "Окурман театр" деген темада иш чара өтүлдү.

            2"б"-класстын ата-энелери менен "Бугу эне" куурчак театрын аткарышты.

            3"а"-класс "Аяз атадан кат" ролдоштуруп аткарды.

            3"б"-класс "Чыпалак бала" жомогун аткарышты.

            4"а"- класс "Алтынайдын монологу", "Бугу эне" жомогун аткарышты.

            4"б"-класс "Бугу эне" жомогун ролдоштуруп аткарды.

            Ар бир класска номинациялар жана окуучуларга китептер берилди.

          • Мен үй- бүлөм менен китеп окуймун.

          • Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы 3-орто мектебинде башталгыч класстын мугалимдери жана китепканачы тарабынан 14-декабрь күнү "Окуу керемет" долбоорунун алкагында " Мен үй-бүлөм менен китеп окуймун" деген темада сынак өтүлдү.

            Иш чарада "Окуу керемет" долбоорунун электрондук 5 китеби тандалып алынды. Үч үй- бүлө катышты.

            Нуриллаевдердин үй-бүлөсүнө "Аракетчил үй-бүлө"

            Жакуббековдордун үй-бүлөсүнө "Чыгармачыл үй-бүлө"

            Медетовдордун үй-бүлөсүнө "Окурман үй-бүлө" деген номинацаялары берилди.

          • Коомчулук м.н окуу.

          • Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы 3-орто мектептин китепкааначысы: Айнура Зангирова "Окуу керемет" долбоорунун алкагында 12-декабрь "Улуттук адабият" күнүнө карата, башталгыч классынын окуучуларына "Коомчулук менен окуу" иш чарасы өтүлдү.

            Иш чарага: Сүлүктү шаардык мэриясынын жаштар иштери боюнча башкы адиси: Орунбаева Гүлбарчын Сматыллаевна келип катышып, окуучуларга китеп окуп, талкуулашты. Окуучуларга шириндиктерди беришти.

            Андан сырткары башталгыч класстын энелери да келип китеп окуп берди/

          • Ачык сабак.

          • Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы 3-орто мектептин музыка мугалими: Нүргүл Абдраимова 13-декабрь күнү 5-класстарга "Үйлөнмө аспаптар: Чопо чоор, чоор, сыбызгы, чогойно чоор, сурнай, керней" деген темада ачык сабак өттү.

            Сабактын максаты: 1) Кыргыз элинин үйлөнмө аспаптарынын түрлөрү менен таанышат.

            2) Чыгармалар аркылуу угуу сезимин өнүктүрөт.

            3) Улуттук музыка менен эли - жерин сүйүүгө үйрөнүшөт.

          • "Окуу керемет."

          • Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы 3-орто мектептин көп тажрыйбалуу, башталгыч орус классынын мугалими: Дания Исмаилова 10-декабрь күнү 1"б"- класска "Дд" тыбышы деген темада, жогорку класстын мугалимдерине "Окуу керемет" долбоорунун "Многоуровневые задания" стратегиясын колдонуп ачык сабак өттү.

            Жогорку класстын мугалимдери ыраазычылыктарын билдирди.

          • Тегерек стол.

          • Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы 3-орто мектептин "Так илимдер" бирикме башчысы, физика мугалими: Бүүсара Халпаева 3-орто мектептин мугалимдер жамаатына 10-декабрь күнү "Мектепте иновациялык билим берүү чөйрөсүн түзүү жолдору" деген темада тегерек стол өттү.

            Мугалимдер топтордо иштешти. Ар бир топко, ар кандай тапшырма берилип, топ башчылары жактап беришти.

          • Китеп окуу эстафетасы.

          • Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы √3 орто мектебинде 2021- жылдын 7- декабрь күнү окуучуларды китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу максатында, 9 а- класстын окуучулары Нуржигит Кадырбековдун "Ээсине кайткан роза" китеби боюнча китеп окуу эстафетасын класс жетекчиси Мархаба Джувашбаева менен биргеликте атайын жобо түзүп, ошонун негизинде 3 топко бөлүнүшүп , конкурс өткөрүштү . Ар бир топ өздөрүнүн окуган темалары боюнча долбоорлошуп, крассворд толтурушу , каармандарга АЖППОК түзүштү. Жыйынтык чыгарылып, "Китеп окуу эстафетасы" 9 б- класска тапшырылды. Китеп билим гана бербестен дүйнө таанымыңды, сөз байлыгыңды өстүрүп , сага тарбия да берет.

          • Спорттук мелдеш.

          • Кыргыз Республикасынын Президентинин "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы " жөнүндөгү жарлыгынын негизинде Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы 3-орто мектептин дене тарбия мугалимдери: Азамат Миталип уулу жана Бакыт Абдулаев 8-декабрь күнү "Шахмат" жана "Тогуз коргоол" оюндарын, окуучулар арасында мелдеш өткөрүштү.

            Окуучулардын ден соолугун чыңдоо жана дене тарбия сабагына кызыктыруу максатында өтрөзүлдү.

            Жыйынтыгында "Шахмат"оюну боюнча "Балдар" командасынан

            1-орун: Гаппаров Мелис 9"б"-класс

            2-орун: Бердимуратов Адахан 5-класс

            3-орун: Ырыскулов Исхак

            "Кыздар" командасынан

            1-орун: Балиева Гулиза 6"б"-класс

            2-орун: Балиева Нуриза 9"а"-класс

            3-орун: Абдусаматова Перизат 8-класс

            "Тогуз коргоол" оюну бюнча

            "Балдар" командасынан

            1-орун: Абдыкулов Ырысбек 9"а"-класс

            2-орун: Маматмуратов Мирлан 8-класс

            3-орун: Сунатиллаев Нурсултан 6"б"-класс

            "Кыздар" командасынан

            1-орун: Жолдошева Айчүрөк 9"а"-класс

            2-орун: Жолдошева Айдана 3"б"-класс

            3-орун: Ырыскулова Уулжан 6"б"-класс

            Ушул окуучулар 1-2-3-орунга ээ болушту.

          • Семинар -тренинг.

          • Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы 3-орто мектептин башталгыч классынын мугалими: Перизат Рахманкулова 8-декабрь күнү жогорку класстын мугалимдерине "Окуу керемет" долбоорунун " Сократтын семинары" стратегиясын колдонуп семинар-тренинг өттү.

            Максаты: Текст менен иштөө (баалоо пикири, ой-жүгүртүү, аргументация ж.б.) боюнча стратегияларды колдонуу боюнча окуганын түшүнүү көндүмдөрүн өнүктүрүү.

            Семинар- тренинге 3-орто мектептин мугалимдер жамааты менен Билим берүүнүн усулкаана башчысы: Темиржан Кудайбердиевна жана Назира Махамадкуловна катышты.

            Семинар-тренинг практика жүзүндө да көрсөтүлдү.

          • "Мээримдуу тыйын"акциясы.

          • Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы√3 орто мектебинде 2021- жылдын 3- декабрында "Мүмкүнчүлүгү чектелгендер күнүнө" карата "Мээримдүү тыйын " акциясы уюштурулуп, аталган мектепте окуп жаткан 4 окуучуга жыйналган каражатка окуу куралдары алынып, майрамдык белек катары ыйгарылды. Уюштуруучуларга ыраазычылык билдиребиз. Мээримин аябаган мугалимдерге, акцияга катышкан окуучуларга рахмат айтабыз. Дайыма ден соолугуңузду бекем болсун!

          • Ачык сабак.

          • Сүлүктү шаарындагы М.Т. Ибрагимов атындагы 3-орто мектептин насаатчы, башталгыч классынын мугалими: Мавлюда Турдыева 7-декабрь күнү жогорку класстын мугалимдерине "Окуу керемет" долбоорунун "Бекеттер боюнча орун алмаштыруу" стратегиясын колдонуп 4"а"-класска Адабий окуу сабагынан "Сот болгон коён" деген темада ачык сабак өттү.

            Максаты: А) Бекеттер боюнча орун алмаштыруу стратегиясынын негизинде ар түрдүү деңгээлдерде тапшырмаларды аткаруу менен М.Алыбаевдин "Сот болгон коён" тамсилин окуп түшүнөт.

            Б) Сөздүктөр менен иштөө көндүмү өнүгөт.

            В) Тамсил аркылуу адамдардын кылык жоруктарын айбанаттардын оьразы менен таанышышат.

          • Ачык сабак.

          • Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы 3-орто мектептин башталгыч класстын мугалими: Перизат Рахманкулова 2"б"-класска "Өзүнүкү жана өзгөнүкү" деген темада жогорку класстын мугалимдерине "Окуу керемет" долбоорунун "Күн сайын жазуу", "Сократтын семинары", "Көп деңгээлдүү тапшырмалар", "Божомолдоочу суроолор" стратегияларын колдонуп ачык сабак өттү.

            Сабак эң жакшы өтүлдү. Жогорку класстын мугалимдери ыраазычылыктарын билдирди.

          • Ачык сабак.

          • Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы 3-орто мектептин көп тажрыйбалуу, башталгыч классынын мугалими: Гүлбайра Мурзатова 3-декабрь күнү 2"а"-класска адабий окуу сабагынан "Ырыс алды-ынтымак" кыргыз элинин жомогу жөнүндө жогорку класстын мугалимдерине "Окуу керемет" долбоорунун Сократтын семинары "Көп деңгээлдүү тапшырмалар" стратегиясын колдонуп ачык сабак өттү.

            Максаты: А) Жомок жөнүндө маалымат алат.

            Б) Сүрөттөр менен иштөө аркылуу кабыл алуусу, эске тутуусу, ой жүгүртүүсү калыптанып, сөз байлыгы кеңейет.

            В) Улууну урматтоого, кичүүнү ызаттоого, сабырдуулукка, ынтымактуулукка үйрөнүшөт.

          • Ачык сабак.

          • Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы 3-орто мектептин башталгыч класстын мугалими: Гүлсара Жолдошова 2-декабрь күнү 3"б"-класска Адабий окуу сабагынан "Манастын бала чагы" деген темада Жогорку класстын мугалимдерине "Окуу керемет" долбоорунун Сократтын семинары, көп деңгээлдүү тапшырма, макта, сура стратегиясын колдонуп ачык сабак өттү.

            Максаты: Чыгарманы окуп, мазмунун түшүнөт.

            Түшүнгөнүн айтып бере алат.

            Өз оюн далилдүү, ырааттуу айтууга көнүгүшөт.

            Сабак эң жакшы өтүлдү. Мугалимдер Г.Жолдошовага ишине ийгилик каалашты.

          • Ачык сабак.

          • Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы 3-орто мектептин башталгыч классынын мугалимдери, жогорку класстын мугалимдерине "Окуу керемет" долбоорунун стратегияларын колдонуп ачык сабак өтүп беришти.

            1-декабрь күнү башталгыч классынын мугалими: Ташбекова Бугул эжекей 3"а"-класска "Окуу керемет" долбоорунун Божомолдоо боюнча иштерди ар түрдүү ыкмалары стратегиясын колдонуп , Адабий окуу сабагынан Темасы: "Акылдуу бала" жомогун өтүп берди.

            Ачык сабакка жогорку класстын мугалимдери тажрыйба алмашуу максатында киришти.

            Сабак жогорку деңгээлде өтүлдү. Мугалимдер ыраазычылыктарын билдиришти.

          • "Күзгү бал."

          • Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы √3 орто мектебинде 2021- жылдын 19- ноябрында "Ак төөнүн карды жарылган", күз мезгилинде кампалар данга, дасторкон нанга толгон күз мезгилинин кереметине суктанган учурда , окуучулардын маанайын көтөрүүгө жана алардын жеке талантына көңүл бөлүү максатында мектепте 9-10-11- класстын окуучулары арасында "Күзгү бал" конкурсу уюштурулду. Конкурс 6 жободон туруп, катышуучулар өтө жакшы даярдык менен келишти. Ар бир катышуучу топко аткарган ишине карап баалап, калыстар тарабынан номинациялар берилди. Катышкан окуучулардын окуусуна ийгилик , ал эми даярдаган мугалимдерине ыраазычылык билдиребиз. Ар дайым өлкөбүздө токчулук, молчулук болсун!

          • "Күз мезгилинин күйөрмандары".

          • 2021-жылдын 18-ноябрында Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы √3 орто мектебинде 6-7-8- класстар арасында "Күз мезгилинин күйөрмандары " аттуу конкурс өткөрүлдү . Конкурс окуучулардын күз мезгилинин өзгөчөлүгүн байкоо менен, берекелүү мезгилди даңазалоо жана өз өнөрлөрүн сахнада көрсөтө билүүгө көнүктүрүү максатында уюштурулду. Окуучулар команда түзүшүп, 7 жобонун негизинде өз өнөрлөрүн көрсөтүп , калыстардын калыстыгы менен 1- орунга 8- класстын "Коңур күз " командасы ээ болду. Бардык катышуучуларга жана класс жетекчилерге, калыстар тобуна ыраазычылык билдиребиз.

          • "Күзгү бал".

          • Сүлүктү шаарында 2021- жылдын 17- ноябрында студенттер жана жаштар күнүнө карата күркүрөгөн күз айынын аягында мектептер арасында "Күзгү бал" конкурсу өткөрүлдү . Конкурска М.Т.Ибрагимов атындагы √3 орто мектебинин 9-10-11- класстын окуучуларынан куралган мыкты команда атайын жобонун негизинде даярдык менен барышып, мыкты оюн көрсөтүп , 2- орунга жетишишти. Диплом жана 1700 сом акчалай сыйлыкка ээ болду. Катышкан окуучуларга жана даярдаган мугалимдерге ыраазычылык билдиребиз. Конкурсту уюштурган шаарыбыздын мэриясына чоң рахмат!