Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектебинде 9- май Жеңиш күнүнүн 76 жылдыгына карата линейка өткөрүлүп, окуучулар тарабынан уюштурулган, майрамдык концерттик программа тартууланды
9- май Жеңиш күнүнүн 76 жылдыгына карата линейка өткөрүлүп, окуучулар тарабынан уюштурулган, майрамдык концерттик программа
- 3
АЧД предмети мугалими Досов Бекмырза Кадырович тарабынан 9- май Жеңиш күнүнүн 76 жылдыгынын урматына карата
Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектебинде 2021- жылдын 11- май күнү 9-10-11- класстын окуучуларына АЧД предмети мугалими Досов Бекмырза Кадырович тарабынан 9- май Жеңиш күнүнүн 76 жылдыгынын урматына карата атайын аскердик куралдардын негизгилеринин бири болгон автоматты чачып - жыйноону аскер кызматкери окуучуларга көрсөтүп, ар бир бөлүгүнүн аталышын айтып берди. Окуучулар кызыгуу менен сабакка катышып, өздөрүнө керектүү маалыматтарды алышты.
4
9- май Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата
9- май Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектепте 5 а-5б- класстар арасында дене тарбия мугалими Абдиллаев Бакыт агай тарабынан уюштурулган куунак старт оюну өткөрүлдү . Оюнда мыкты оюн көрсөткөн окуучулар белгиленип, жеңүүчүлөр калыстар тарабынан аныкталып, грамота менен сыйланышты.
7
"Окуу керемет" долбоору
М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектептин китепканачысы Айнура Заңгирова 3а- класстын окуучулары жана энелери менен биргеликте "Окуу керемет" долбоорунун негизинде түзүлгөн жобо боюнча сынак өткөрдү. Сынакта окуучулардын чыгармачылыгы, сынчыл ойлоосу, стратегиялар менен иштөөсү , энелер балдарынын кызыкчылыктарын байкоосу боюнча калыстар тобу баалап, жеңүүчүлөрдү аныктап, аларга мектептин грамотасын жана жомок китептерди белекке беришти. Катышкан энелерге, окуучуларга ыраазычылык билдиребиз.
4