• Шаардык олимпиада.

          • Сүлүктү шаарындагы Мухамед Тургунович Ибрагимов атындагы 3-орто мектептин окуучулары шаардык мектептер арасында болуп өткөн олимпиадага барып келишти.

            Биология предмети боюнча 10-классынын окуучусу Ырысбекова Айчүрөк 1-орунду мугалими Муминова Мислим.

            Орус тили предмети боюнча 11-классынын окуучусу Канымкулова Элмира 2-орунду, 9-классынын окуучусу Абдурахманов Абдумалик 3-орунду. Мугалими Абдураимова Аида.

            Тарых предмети боюнча 11-классынын окуучусу Нуриллаева Айзат 2-орунду ээлешти. Мугалими Карабаева Гульнара.

            Карабаева Г. Муминова М. Абдураимова А эжекелерге ийгиликтерди каалайбыз. Мындан да чоң-чоң ийгиликтерге жетише берсин.

          • "Шахмат"мелдеши.

          • Сүлүктү шаарындагы Мухамед Тургунович Ибрагимов атындагы 3-орто мектептин окуучулары Баткен облусуна "Шахмат" оюну боюнча барып келишти. Жыйынтыгында мугалимдер жана окуучулар ийгиликтерге жетишишти.

            1-орунду 6-класстын окуучусу Балиева Гулиза

            3-орунду 6-класстын окуучулары Рахматилаев Ибрагим, Ырыскулова Периште.

            Ал эми 65жаш курактагылар арасында Рахманов Пайзила агай 1-орунду ээлешти.

            Пайзила Рахманов жана Бакыт Абдиллаев агайларга ыраазычылык билдиребиз жана ийгиликтерди каалайбыз.

          • Кыргыз улуттук лицейинин мураскерлери окуучуларга лекция өтүшүүдө.

          • Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы √3 орто мектебинде 2022- жылдын 12- январь күнү 7-9- класстын уул балдарына Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук лицейинин мураскери болуп тарбияланып, билим алып жаткан, аталган мектептин бүтүрүүчүлөрү Эргешов Бактияр, Мадалиев Азамат, Абдусаламов Мусулманкулдар келишип лекция өтүштү . Окуу жайдын тарыхы, анын шарттары, сабактарынын өзгөчөлүгү , тартиби, кийими, тамак- ашы, күндөлүк режими, айтор бардык жактарын камтып, окуучуларга кызыктуу маалыматтарды беришти. Кызыккан окуучулардын суроолоруна жооп беришип, лицейге барып, мураскер болууга үгүттөп кетишти. Лекция өткөн мырзаларга ыраазычылык билдиребиз. Ушундай, Мекен үчүн кызмат кылган чыныгы жигиттерибиз көп болсун!

          • М.Кадыркуловдун жыңы жылдык майрамы.

          • Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы √3 орто мектептин окуучулары 2021- жылдын 27- декабрь күнү Сүлүктү шаарынын мэри Максат Кадыркуловдун жаңы жылдык майрамына катышып келишти. Окуучулардын маанайы көтөрүлүп , уюштурулган оюн- зоокторго катышып, белектерди алып, кубанычтары койнуна батпай кайтышты. Мэрибиздин ишине ийгилик каалайбыз. Уюштуруучуларга ыраазычылык билдиребиз. Шаарыбыз гүлдөп өссүн , элибизде тынчтык, амандык, жакшылыктар болсун.

          • Президенттин "Балаты" майрамына барып келишти.

          • Сүлүктү шаарындагы Мухамед Тургунович Ибрагимов атындагы 3-орто мектептин 6-классынын жакшы окуучусу Арзибеков Жоламан Бишкек шаарына Президенттин "Балаты" майрамына барып келишти.

            Арзибеков Жоламанга чын ден соолук, окууларына ийгилик каалайбыз. Дайыма ушундай жакшылыктарда жүрө бер.

          • "Окуу чемпионаты".

          • #okuukeremet2021 Сүлүктү шаарындагы Мухамед Тургунович Ибрагимов атындагы 3-орто мектебинин 4"а"-классынын окуучусу Баабекова Каныкей "Окуу керемет" долбоору уюштурган "Окуу чемпионаты" сынагына Анупама Ажинкьянын "Саиддин кутучасы" деген китебин тандап, ушул китептин негизинде "Эки бөлүктүүкүндөлүк" стратегиясын колдонуп жеңүүчү болду.

          • "Балаты" майрамы.

          • Сүлүктү шаарындагы Мухамед Тургунович Ибрагимов атындагы 3-орто мектепте 24-декабрь күнү "БАЛАТЫ" майрамы болду.

            Мавлюда Турдыева "Наристе" 480саатка, Бакбүү Джумабаева 1"а"- класска, Дания Исмаилова 1"б"- класска, Мислим Муминова 5-класска, Айнура Заңгирова 8-класска Жаңы жылдык кече өткөрүштү.

            Жаңы жылдык кече ыр, бий, көрүнүштөр жана кызыктуу оюндар менен коштолду. Окуучуларга аябай кызыктуу болушту. Ата-энелер ыраазычылыктарын билдирип кетишти.

          • Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата сурамжылоо

          • Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы√3 орто мектебинде 2021- жылдын 12- декабрь күнү кыргыз элинин улуу жазуучусу, дүйнө элине таанымал инсан Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата окуучулардан кичине сурамжылоо жүргүздүк . Максатыбыз, окуучулар Айтматов боюнча маалыматтарды аз болсо да эсинде сактап калуусун билүү эле. Суроо узаткан мектеп президенти Канымкулова Эльмира болду. Негизинен суроолор жоопсуз калган жок. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары ар бир кыргыз элинин жүрөгүндө сакталып кала бермекчи.

          • Класстык саат.

          • Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы √3 орто мектебинин 10- класстын окуучуларына 2021- жылдын 17- декабрь күнү " Кыргыз адабиятынын баба дыйканы- Ч.Айтматов " аттуу темада класс жетекчи Ш.И.Хожибаева улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун элесине арнап, класстык саат өттү . Сабактын максаты : окуучулар Айтматовдун эмгегин баалоого, чыгармачылыгын таанууга, чыгармаларын кызыгып окууга үндөө болчу. Окуучулар үч топко бөлүнүшүп, берилген тапшырмаларды кызыгуу менен аткарышты.

          • Ачык сабак.

          • Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы 3-орто мектептин насаатчы, бирикме башчысы, "Билим берүүнүн мыктысы", башталгыч класстын мугалими: Бакбуу Джумабаева 1"а"-класска "З" тыбышы деген темада жогорку класстын мугалимдерине "Окуу керемет" долбоорунун "Күн сайын жазуу", "Сандык катар", "Көп деңгээлдүү тапшырмалар" стратегиясын колдонуп ачык сабак өттү.

            Балдар адабиятынан С.Рысбаевдин "Кыргыздын баалуулуктары" деген китепти колдонду.

            Сабак жогорку деңгэээлде өтүлдү.