• Шахмат ийриминин ийгиликтери.

          • Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы √3 орто мектебинде шахмат ийриминин жетекчиси Рахманов Пайзилла агай 14- январь күнү ийримге активдүү катышкан, ийгиликке жеткен окуучуларга ШБББнун адиси Мажитова Фарида Тажибаевнанын катышуусунда кичи жыйын өткөрүп , окуучуларга Грамота жана адабий китептерди тапшырды. Ошондой эле облустук турга катышуучу 10 оюнчуга жолдомо берилди. Пайзилла Рахманов агайдын ишине ийгилик, ушундай мекенчил, эмгекти сүйгөн окуучуларга билим - тарбия берип жүрө берин.

          • Ачык сабак.

          • 21- февраль куну башталгыч класс мугалими Жолдошева Гулсара математика сабагынан ачык сабак өттү.Сабактын максаты : 2 жана 3 орундуу сандарды бир орундуу санга көбөйтүүнү ,ага карата мисал,маселелерди чыгарышат.Билимдерин бышыктап ,математикалык тилде суйлөшөт . Эжекенин сабагы жакшы денгээлде өтулду.Окуучулар активдуу катышышты.

          • "English is the international language of communication"

          • Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы ✓3орто мектебинде "English is the international language of communication"деген темада иш план түзүлүп,окуу бөлүмү тарабынан бекитилип,англис тили мугалими Карабаева Сажира жана Рустамова Сүйүмкан тарабынан ачык сабак жана класстан сырткаркы иш чаралар өткөрүлдү.Иш чаранын негизги максаты: окуучулар англис тилинде эркин сүйлөгөнгө,ырдаганга шыктанышты.

          • "Эр жигиттер".

          • Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы √3 орто мектебинде 23- февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата 18- февраль күнү 6-7-8- класстар арасында " Кана эмесе жигиттер!" аттуу конкурс уюштурулуп, өткөрүлдү . Командалар жободо көрсөтүлгөн алты тапшырманын негизинде даярданышып, өз өнөрлөрүн тартуулап, калыстар тобунун жыйынтыгы менен орундар чыгарылды. 1- орунга 8- класстын " Эр жигиттер" , 2- орунга 7- класстын " Эр жигиттер " , 3- орунга 6- класстын "Жоокерлер" командалары ээ болушту. Катышкан окуучуларга, даярдаган класс жетекчилерге ыраазычылык билдиребиз. Мекенди коргоочу эр азаматтарыбызды майрамы менен куттуктайбыз.