• "Күзгү бал."

          • Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы √3 орто мектебинде 2021- жылдын 19- ноябрында "Ак төөнүн карды жарылган", күз мезгилинде кампалар данга, дасторкон нанга толгон күз мезгилинин кереметине суктанган учурда , окуучулардын маанайын көтөрүүгө жана алардын жеке талантына көңүл бөлүү максатында мектепте 9-10-11- класстын окуучулары арасында "Күзгү бал" конкурсу уюштурулду. Конкурс 6 жободон туруп, катышуучулар өтө жакшы даярдык менен келишти. Ар бир катышуучу топко аткарган ишине карап баалап, калыстар тарабынан номинациялар берилди. Катышкан окуучулардын окуусуна ийгилик , ал эми даярдаган мугалимдерине ыраазычылык билдиребиз. Ар дайым өлкөбүздө токчулук, молчулук болсун!

          • "Күз мезгилинин күйөрмандары".

          • 2021-жылдын 18-ноябрында Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы √3 орто мектебинде 6-7-8- класстар арасында "Күз мезгилинин күйөрмандары " аттуу конкурс өткөрүлдү . Конкурс окуучулардын күз мезгилинин өзгөчөлүгүн байкоо менен, берекелүү мезгилди даңазалоо жана өз өнөрлөрүн сахнада көрсөтө билүүгө көнүктүрүү максатында уюштурулду. Окуучулар команда түзүшүп, 7 жобонун негизинде өз өнөрлөрүн көрсөтүп , калыстардын калыстыгы менен 1- орунга 8- класстын "Коңур күз " командасы ээ болду. Бардык катышуучуларга жана класс жетекчилерге, калыстар тобуна ыраазычылык билдиребиз.

          • "Күзгү бал".

          • Сүлүктү шаарында 2021- жылдын 17- ноябрында студенттер жана жаштар күнүнө карата күркүрөгөн күз айынын аягында мектептер арасында "Күзгү бал" конкурсу өткөрүлдү . Конкурска М.Т.Ибрагимов атындагы √3 орто мектебинин 9-10-11- класстын окуучуларынан куралган мыкты команда атайын жобонун негизинде даярдык менен барышып, мыкты оюн көрсөтүп , 2- орунга жетишишти. Диплом жана 1700 сом акчалай сыйлыкка ээ болду. Катышкан окуучуларга жана даярдаган мугалимдерге ыраазычылык билдиребиз. Конкурсту уюштурган шаарыбыздын мэриясына чоң рахмат!

          • Семинар."Baaloo AP".

          • Сүлүктү шаарындагы Мухамед Тургунович Ибрагимов атындагы 3-орто мектептин Окуу бөлүм башчысы: Рахиля Нурматова 18-19-ноябрь күнү "Окуу керемет" долбоорунун негизинде сабакка "Baaloo AP" тиркемеси боюнча мугалимдерге түшүнүк берди.

            Сабакка мугалимдер бири-бири менен тажрыйба алмашуу максатында кирип, өтүлгөн ачык сабактарга анализ берүүнү практика жүзүндө көрсөтүштү.

            Семинар эң жогорку деңгээлде өтүлдү. Мугалимдер ОББ: Р.Нурматовага ыраазычылык билдиришти.

          • Семинар.

          • Сүлүктү шаарындагы Мухамед Тургунович Ибрагимов атындагы 3-орто мектептин насаатчы, эң алдыңкы, кыргыз тили жана адабияты мугалими Рахатай Сайдулаевна 22-ноябрь күнү "Окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун түрлөрү" деген темада семинар-тренинг өттү.

            Семинар-тренингде мугалимдер: Баалоонун түрлөрү, диагностикалык, формативдик, суммативдик түрлөрдүн максаттары менен таанышып, практика түрүндө, иш жүзүнө ашырылды.

            Семинарды Р. Мурзаева жогорку деңгээлде өтүштү. Мугалимдер ыраазычылык билдирип, ишине ийгиликтерди каалашты.

          • Семинар.

          • Сүлүктү шаарындагы Мухамед Тургунович Ибрагимов атындагы 3-орто мектептин эң алдыңкы, башталгыч класстын мугалими: Бугул Ташбекова "Окуу керемет" долбоорунун стратегияларын колдонуп мугалимдерге 23-ноябрь күнү "Божомолдоо боюнча иштин ар түрдүү ыкмалары" деген темада семинар өттү.

            Максаты: Божомолдоонун ар кандай ыкмаларын колонуу менен, ар бир окуучунун дараметин максималдуу ачуу менен, окуучуларга божомолдоо стратегиясын колдонууну көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берүү.

            Семинар жогорку деңгээлде, жугумдуу өтүлдү. Мугалимдер Б.Ташбековага ыраазычылык билдиришти.

          • "Окуу керемет"долбоору семинар.

          • Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы 3-орто мектептин башталгыч классынын мугалими: Гүлсара Жолдошова 24-25-ноябрь күнү "Окуу керемет" долбоорунун стратегияларын колдонуп "Көп деңгээлдүү тапшырмалар" деген темада семинар-тренинг өттү.

            Макспты: Окуучуларга башкы каарманды сүрөттөө аркылуу, аларга тапшырманын татаал деңгээлин тандоо укугун берүү менен окуганын түшүнүү көндүмдөрүн колдоно билүүгө окутуу.

            Семинар кызыктуу жана жугумдуу болду. Г.Жолдошовага ыраазычылык билдирип, ишине албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.

          • Семинар.

          • Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы 3-орто мектептин устат мугалими Турдыева Мавлюда Мамаджановна мугалимдер жамаатына "Окуу керемет" долбоорунун "Бекеттер" стратегиясын колдонуунун жолдору жөнүндө "Дислексия жана дисграфия" деген темада семинар өттү.

            Максаты: 1."Бекеттер" боюнча орун алмаштыруу стратегиясынын негизинде түрдүү деңгээлдеги тапшырмаларды аткаруу менен "Дислексия, дисграфия текстин тереңирээк түшүнүшөт.

            2. Тапшырмаларды аткаруунун үстүндө иштеп, сөз байлыгы кеңейет.

            3. Дислексия, дисграфия менен жабыркаган окуучуларга түшүнүп мамиле кылууга даяр болушат.

            Күтүлүүчү натыйжа:

            * Тексттен тааныш эмес сөздөрдү таап маанилерин изилдейт.

            * Ресурстарды (сөздүк, глоссарий, энциклопедия, маалымат булактары ж.б.) колдонуп, сөздүн маанисин түшүнөт.

            * Сөздөрдүн лексикалык маанисин түшүнүү үчүн контекстти колдоно билет.

            * Инклюзивдик билим берүүнү колдоого алат.

            Жогорку класстын мугалимдерине эң жакшы өбөлгө болду. "Бекеттер" орун алмаштыруу жолдору жөнүндө билип алышты.


          • Ачык сабак.

          • М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Ш.И.Хожибаева 5-класстын окуучулары м.н 2021-жылдын 21-октябрында кыргыз тили сабагынан "Расмий эмес иш кагаздары боюнча машыгуу иштери"деген темада ачык сабак өттү.Сабак топтор м.н иштөө формасында уюштурулуп,окуучулар расмий эмес иш кагаздарын жазуу эрежелерин билишип,практика жузундө колдоно билууго тарбиялоо максатында ушул тема тандалып алынды.Окуучулар сабака кызыгуу м.н катышты.Мектеп администрациясы жана мугалимдер катышып,өздөрүнүн ой пикирлерин каалоо тилектерин билдиришти.

          • Halloween майрамы.

          • М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектебинин англис тили мугалимдери Карабаева Сажира жана Рустамова Суйумкан 3-ноябрь куну Америка жана Британия элдеринин салты болгон Halloween майрамын белгиледи.

            Майрамга 4-5-6-класстын окуучулары активдуу катышып,өздөрүнүн англис тилинде даярдалган ыр.бий,жомокторун аткарып англис тилине болгон кызыгуусун арттырды.

          • Ачык сабактар.

          • Сулукту шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы №3-орто мектептин башталгыч класстарда "Окуу керемет" долбоорунун стратегияларын колдонуп бул жумада төмөнкү мугалимдер ачык сабактарды өтуштү.

            1.Исмаилова Дания 4"б"-класска

            2. Джумабаева Бакбуу 1 "а" -класска

            3. Мурзатова Гулбайра 2 "а"-класска

            3. Ташбекова Буугул 3 "а"-класс.

            4. Жолдошова Гулсара 3 "б"-класска

            5. Рахманкулова Перизат  2 "б"-класска

            Сабакта "Окуу керемет" долбоорунун 1-модулунун "Бекеттер" стратегиясы жана көп деңгээлдүү стратегияларын пайдаланып сабак өттү.

            Ачык сабактарга мугалимдер катышты.Сабактар жогорку деңгээлде өтүлдү.Сабак өткөн мугалимдерге ыраазычылык билдиребиз жана иштерине ийгилик каалайбыз.

          • "Барсбек кагандын эрдиги"деген темада ачык сабак

          • М.Т.Ибрагимов атындагы №3-орто мектепте "Окуу керемет"долбоорунун стратегияларын колдонуп,мектептин эң алдынкы,насаатчы мугалимибиз,башталгыч класстын мугалими; Турдыева Мавлюда Махамаджановна 20-октябрь куну "Барсбек кагандын эрдиги" деген темада ачык сабак өттү.

            Сабактын максаты:

            Окуучуларды " Бекеттер " боюнча орун алмаштыруу стратегиясынын негизинде ар түрдүү деңгээлдеги тапшырмаларды аткаруу м.н " Барсбек кагандын эрдиги" текстин тереңирээк тушунушөт.

            Мектептин мугалимдери ачык сабака катышып,эжекейге өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришти.

            Эжекебиздин ишине ийгилик каалайбыз.

          • Китеп окуу эстафетасы.

          • Сулукту шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Ш.Хожибаева Мамлекеттик тил кунунун 32 жылдыгына карата сабактан тышкары иш катары 10-класстын окуучулары м.н 2021-жылдын22-октябрында "Китеп окуу эстафетасын "уюштуруп,Адам Жексондун "Бакубат ден-соолукта жашоонун он сыры" деген китеби боюнча уч топко бөлүп алып конкурс өткөрдү.Конкурс,окуучуларды китеп окууга кызыктыруу максатында уюштурулган.Мугалимдер катышып,калыс баа беришти.Эстафета 9-а класстын окуучуларына тапшырылды.

          • 1-октябрь карылар куну.

          • Карысы бардын ырысы бар демекчи 1-октябрь карылар кунуно карата окуучулар класс жетекчилери м.н биргеликте аймагыбыздагы кары- картандардын ал абалынан кабар алып,белек бекчектерин алпарып,уй жумуштарына каралашып,карылардын баталарын алып кайтышты.

          • Мугалим-жан дуйно зергери.

          • Сулукту шаардык билим беруу болумуно караштуу мектептердин мугалимдерине жана бала бакчалардын тарбиячыларына шаардык денгээлде "Мугалим-жан дуйно зергери"аттуу кесиптик майрамга карата майрамдык кече болуп отту.Кечеде коптогон кесиптештердин ийгилигин баалап,сыйлыктар берилди.М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектебинин окуу болумунун башчысы Нурматова Рахима Исмаиловна жана башталгыч класс мугалимиМурзатова Гулбайра Туратовналар К.Р. билим беруу отличниги тош белгилери менен сыйланса,Джумабаева Бакбуу Садыковна ,Муминова Муслима Набиевна,Абдыллаев Бакытбек Кенжебекович,Миталип уулу Азамат,Исмаилова Дания Маставиевналар министрликтен баштап шаардык билим беруунун Ардак громаталарын алышты.Ошондой эле мектептин жаны окуу жылына даярдыгы боюнча шаардык мектептердин арасында 2-орунду ээлегендиги учун кызыктыруучу сыйлык берилди.Сыйлыгыныздар кут болсун,урматтуу кесиптештер!

          • Мугалим момолуу дарак.

          • Мугалимдер кунуно карата 4-октябрь куну эртен менен ото жакшы майрамдык маанай тузулуп.мугалимдерди куттукташты.Урматтуу баа жеткис кесиптин ээлери болгон мугалимдер,улуу педагогдор,ардагерлер жалпыныздарды кесиптик майрамыныздар менен куттуктайбыз. 

          • "Мини мисс-2021" сынагы

          •      Жаз жана аялзат бул экөөбүн бекеринен салыштырбаган. Ааламдын көркү болгон апалардын жана  кыздардын урматына карата Сүлүктү шаардык Балдар чыгармачылык борбору тарабынан уюштурулган "Мини мисс-2021" өткөрүлдү. Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектебинин  4бклассынын окуучулары Мусаева Аяна жана Хамамова Элиза катышты.  

            Сынак 6 этаптан тур

          • 08.09.2020-жыл

          • ..

            Сүлүктү шаарындагы Мухамед Тургунович Ибрагимов атындагы 3 орто мектебинде 2020-2021-окуу жылында 1-класстар окутуу башталды,ал эми 2-11-класстар дистанттык түрдө окутулууда.

          • 23-сентябрь Мамлекеттик тил куну.

          • 23-сентярь Мамлекеттик тил кунунун 32 жылдыгына карата "Кыргыз тил-кыргыз элинин улуттук тили,улуттук маданияттын очогу"деген темада окуучулардын жана мугалимдердин катышуусунда салтанаттуу линейка откорулду.Окуучулар кыргыз тилинин баалуулугун,ыйыктыгын билуу менен тил жонундо доклад,корком окууларды,учкул создорду,макалдарды,обондуу ырларды аткарышып,тил улутубуздун казынасы экенине ынанып,аны сактоого,муундан муунга откоруп беруу милдеттуу экендигин тушунушту.

          • Кыргыз тилин данктайлы.

          • "Кыргыз тилин данктайлы,улуу тилдин тазалыгын данктайлы"деген темада Сулукту шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектебинде 29-сентябрь куну 5-11-класстар арасында кыргыз тилин даназалоо боюнча корком окуу сынагы откорулду.Сынактын максаты окуучулар ырды жаттоо м.н эле чектелбестен,ар бир сапта айтылып жаткан ойду сезип,туюп,коркомдоп ийине жеткире аткарууга конугушот.Калыстар тобу баалап 1-орунга 11-кл.Абдухамитова Элиза,2-орунга 10-кл.Ырысбекова Айчурок,3-орунга 7-кл.Хамдамова Айчуроктор жетишишти