Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектебинде 4- март күнү 8-9-10-класстар арасында Ааламдын ажары болгон аялзатынын жаз майрамы менен куттуктап, "Аялзат- аалам ажары" деген темада кыздар арасында конкурс уюштурулду.
Максаты: эненин түйшүгүн, эмгегин, ак ниеттүүлүгүн баалоо менен урмат- сый көрсөтө билүүгө балдарды тарбиялоо. Конкурстун жобосу: 1. Саламдашуу, газета жактоо.
2. "Аял" деген сөздү долбоорлоо.
3. Обондуу ыр ( апа жонундо )
4. Баш бармакка камыр жайуу, кесүү.
5. " Мен келечекте кандай апа болом?" көрүнүш
6.Салат жасоо.
7. Апалардын ак батасы ( бата айтуу)
Ушул жоболорду "Байчечекей", "Аруузат","Айгул гүлү ", "Жоогазын" командалары жогорку деңгээлде аткарышып, апалардын аз да болсо жасаган түйшүктөрүн көрсөтүү менен апаларга болгон мээримин билдире алышты деген ойдобуз. Калыстар тобунун жыйынтыгы менен "Жоогазын " командасы 1- орунду ээлеп, грамота менен сыйланды.
Ушундай кыздарды тарбиялап өстүрүп жаткан ата- энелерге, класс жетекчилерге, мектеп жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз.
Ардактуу апалар, эжелер, сиңдилер, сиздер үйдүн куту гана болбостон коомубуздун бардык тармактарында үзүрлүү эмгектенип, элибиздин бакубат жашоосу үчүн эбегейсиз зор салымыңыздарды кошуп келесиздер. Сиздерге бекем ден соолук , берекелүү өмүр каалайбыз. Майрамыңыздар кут болсун ,Асылзат айымдар!